www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарындык дарыгерлер Түркияда акысыз окуудан өтүшөт

Нарын облусунан эки дарыгер Анкарада акысыз окуудан өтүшөт. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус башчысы Нурбек Сатаровдун Түркияга болгон жумушчу сапарынын негизги жыйынтыктарынын бири — Нарын облустук биргелешкен ооруканасынын эки дарыгеринин Анкарага акысыз окууга жөнөтүлүшү болду.

"Окуу программасынын алкагында дарыгерлер түрк медицина адистери менен тажрыйба алмашып, кесиптик билим деңгээлин жогорулатышат", - деп айтылат маалыматта.

Окууга жөнөп жаткан медицина кызматкерлери менен президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн аппаратынын Контролдоо жана инспектордук иштер башкармалыгынын башчысы Курманбек Кудайбергенов жолугушуп, мамлекет тарабынан түзүлүп жаткан мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдаланып, алынган тажрыйбаны Нарын облусундагы саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө багыттоо зарылдыгын белгиледи.

Последние новости