www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Роза Отунбаева шаршембиде элдин маданияттан артта калып жатканын айтып жатса, талкууларда ал элди айылдык, шаардык деп бөлдү дегендин өзү коомдун артта калып жатканын билдирет.  Кааласак дагы, каалабасак дагы айыл маданияты менен шаардын маданияты айырмаланат.  Шаардык жигит айылга келгенден кийин өзүн шаардыктарча алып жүрөт жана айылда шаардыктардын тартибин орноткусу келип, аралашып кетет. Ушундай эле окуя айылдык жигиттин шаар чөйрөсү менен да кайталанат . Бирок акыркы учурда шаардын чөйрөсү ушунчалык өзгөргөндүктөн ар түрдүү айылдыктардын иш-аракети, адаттары, ой-жүгүртүүсү көнүмүш адатка айлангандыктан эч ким байкабайт. 

Бул пикир алышуунун башка дагы бир көйгөйү болуп жаткан окуяны эч ким түшүнгүсү да, башка бир нерсе менен салыштырып  көрүп, маңызын билгиси да келген жок. Баары белгилүү бир позиция менен карашып, өзүнүкүн бергиси келишпейт. Айылдыктардын шаардыктардан эмнеси кем эле? Өлкөнү айылдыктар кармап турат, антип элди бөлбөңүз деп Отунбаева эмне жөнүндө сүйлөп жатканын билбей туруп нааразы болушат.  Мисал дээрлик классикага айланып калды:”Азатыктын” иликтөөсүндөгү кандайдыр бир катасын же жетишпеген жагын айтсаң, шыр эле сен эмне Матраимовго сатылып кеттиңби? деп калышат. Бул маданиятка, билимге, ой-жүгүртүү образына , көйгөйгө болгон көз карашың гана эмес, деградация дагы болуп эсептелет.

Нарын Айып, тележурналист

Последние новости