www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өткөн аптадан бери чырдан башы чыкпай калган Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм-сүрөт музейининин иштен кеткен директору Мира Жангарачеванын ордуна анын орун басары Мамбетказиева Айгүл Токтобековна жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу буйрукка Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов бүгүн, 5-декабрда кол койду.
Айгүл Мамбетказиева 1955-жылы туулган. Ал Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинен билим алган.
Эмгек жолун 1978-жылы Гапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм-сүрөт музейинде баштаган.
1978-1980-жылдары - экскурсовод, 1980-1986-жылдары декоративдик искусство бөлүмүнүн илимий кызматкери, 1986-жылдан тартып музейдеги башкы сактоочу болуп иштеп келген.
Жетекчилик кызматка дайындалганга чейин директордун орун басары болгон.
Айгүл Мамбетказиева музей иштери боюнча республикалык эксперт.
Гапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм-сүрөт музейинде 28-ноябрда ачылган феминалле боюнча сүрөт көргөзмө коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, анын негизинде музейдин мурунку жетекчиси Мира Жангарачева 2-декабрь күнү аталган кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Жангарачева бул кызматта болгону 5 ай гана иштеди.
Булак: NazarNews.kg