www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Учурунда Орусия, Казакстан, Өзбекстан биригип, Камбар-Ата1 ГЭСин курабыз дешкен. Бирок, бизде саясий стабилдүүлүктүн жоктугунан улам ГЭС курушкан эмес», - деди бүгүн, 6-апрелде NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Нарынбек Молдобаев.

- Нарынбек мырза, президент Өзбекстанга иш сапар менен барып, Камбар-Ата1 ГЭСин өзбектер менен биргеликте курабыз дегенден бери аны сындагандар көбөйдү. Президент Садыр Жапаров чындап эле өзбектерди сууга ээлик кылган калпыс чечим кабыл алып алдыбы?

- Камбар-Ата1 ГЭСин өзбектер менен курууда айрымдар элди дүрбөтүп, коомчулукка тескери пикир таратып жаткандай саясат деле жок. Менимче, элди санаркаткан пикирлерди алдын көрө албаган саясатчы эмес, демагогдор чыгарып жатат. Чынында өзбектер менен макулдашылып курула турган Камбар-Ата1 ГЭСин кооптонбой эле өзбектер менен биргеликте кура беришибиз керек. Кыргызстанда бир эле чоң Нарын деген дарыя бар. Нарын дарыясынын жээгиндеги ГЭСтердин баары биригип, бир жылда 14-15 миллиард саат килловат электр энергиясын берет. Алар Шамалды-Сай, Күрп-Сай, Камбар-Ата2, Нарын ГЭСтери. Жалгыз Токтогул ГЭСи 14 миллард килловат саат электр энергиясын берет. Токтогул суу сактагычында 19 жарым миллиард куп суу сакталат. Эгерде Камбар-Ата 1 курулса, ал жерде 7-8 миллиард куп суу сакталат. Ал жок эле дегене 5 миллард килловат саат электр энергиясын өндүрүп, Токтогул ГЭСинен киийнки эле көп электр энергиясын өндүргөн ГЭС болот. Азыр баарыбыз Токтогул ГЭСин карап отурабыз. «Быйыл суу аз чогулуп калды. Эмки жылы дагы ушундай болсо, көргүлүктү көрөт турбайбызбы. Казакстандан 5 сом 50 тыйындан электр энергиясын сатып алат экенбиз» деп жатабыз. Ошондуктан, Камбар-Ата1 ГЭСин сөзсүз түрдө өзбектер менен болсо да курушубуз керек. Ал мезгилдин талабы.

- Сөзүңүзгө аралжы. Коомчулукта Камбар-Ата 1 ГЭСин өзбектери жок эле эл өзү акча салып, акционер болуп, курса болот деген пикирлер да айтыла баштады го. Элдин ГЭС курганга күчү жетеби?

- ГЭСти өзүбүз курабыз деген кишилер анчалык эле кыйын болсо, «Жерүй» кенин өзүбүз эле иштетели, дегенимде дагы эч ким үн каткан эмес. Анан кантип ГЭС курат элек. Негизи ГЭС эң арзан энергияны тапчу гидроэнергия станциясы. Мында электр энергиясын өндүрүүдө көп деле чыгым кетпейт. Бир килловат саат электр энергиясын өндүрүлүп чыккан чыныгы баасы көп болсо, бир жарым эле тыйын болот. «Самсунг» деген Түштүк Кореядан келген фирма шамалдан электр энергиясын өндүрөбүз деп долбоорлорун сунушташкан. Шамалдан өндүрүлгөн электр энергиясынын баасы үч жарым сом болот экен. Үч жарым сомдон чыккан электр энергиясын Кыргызстанга кимге сата алабыз, бул жакта электр энергиясы арзан экен деп кетип калышкан.

Мына ТЭЦ өндүргөн электр энергиясынын бир килловат саатынын наркы 5 сом болот. Гидростанциялардан чыккан электр энергиясындай арзан электр энергияны эч жерден өндүрө албайбыз. Ошон үчүн өзбектер менен болсо да Камбар-Ата 1 ГЭСин курушубуз керек.

- ГЭС куруу анчалык маанилүү болсо, неге Орусия менен бирдикте курабыз деген Нарын каскады ишке ашкан эмес?

- Нарын каскадын курабыз дегенде Россиядан да, бизден да катачылык кеткен. Алар курабыз дешкени менен «силерде электр энергиясы арзан экен. Ошон үчүн кургубуз келген жок. Ири суммадагы каражат салып, электр станциясын курсак, электр энергиясы арзан бааланса, салган акчабыздын пайдасын качан көрөбүз» дешип, ГЭС куруу планын токтотушкан.

- Баса, Нарын каскадын курууга Өзбекстан каршы болду эле. Эмне үчүн Камбар-Ата1ди курууга макул болуп, керек болсо акча салууга даяр болуп жатышат?

- Анткени, Өзбекстанга Камбар-Ата 1 ГЭСин куруу абдан керек. Тагыраагы, бизге канчалык керек болсо, аларга да ошончолук керек. Камбар-Ата 1 ГЭСи нарын суусун бойлогондо Токтогул ГЭСинен жогору жакка салынат. Ал жерде суунун сактала турган көлөмү 7 миллиард куп болсо, андан иштелип чыккан суу Токтогул ГЭСине толо берет. Жайында Токтогул ГЭСин иштетсе, Өзбекстандын пахта талааларына суу кенен кээсир жетет. Ошон үчүн алар Камбар-Ата1 ГЭСин курууга кызыкдар болуп жатышат. Учурунда Орусия, Казакстан, Өзбекстан биригип, Камбар-Ата1 ГЭСин курабыз дешкен. Бирок, бизде саясий стабилдүүлүктүн жоктугунан улам ГЭС курушкан эмес. Азыр Камбар-Ата1 ГЭСин куруп иштете баштасак абдан жакшы болот. 50-50 пайыз менен иштетсек деле Кыргызстанга бери дегенде жылына беш миллиард сом бир эле ГЭСтен түшүп турат. Эгерде Нарын дарыясын бойлой келечекте көп ГЭС курсак, 140 миллиард килловат саат электр энергиясын өндүргөн мамлекетке айланабыз. Нарын суусунун күчү, көлөмү 140 миллиард килловат саат электр энергиясын өндүргөнгө жетет. Азыр 14 миллиард куб электр энергиясын чыгарып жатсак, анда 140 милдиард килловат саат электр энергиясын өндүрөбүз. Ал электр энергияны Пакистанга, Кытайга, Өзбекстанга сатсак болот. Ал каражат биздин бюджетти 10 эсе байытат. Кыргызстандын байлыгы суу жана келечекте курула турган гидростанциялар. Камбар-Ата1 ГЭСинин курулушу мезгилдин талабы. Ошондуктан, эрте күндү кеч кылбай өзбектер менен болсо да бирдикте кура беришибиз керек. учурда ГЭС куруу Кыргызстанга аба менен суудай, нандай керек болуп турган чагы.

- Бирок, өзбектер менен бирдикте ГЭС курсак, алар сууга да ээлик кылып, ГЭСти автомат менен кайтарып, кыргыздарды ээ кылбай коёт дегендер да чыгып жатат го?

- Алар ГЭСти көтөрүп кетпейт. ГЭС Кыргызстандын территориясында эле болот. Аны өзбектер аскерлер менен кайтарта албайт. Анткени, жер, суу биздики. Алар анклав кылып ээлей да алышпайт. Камбар-Ата1 ГЭСин куруп алсак, эки өлкөгө пайдасы бирдей тийген чоң гидроэлектр станциясы болуп берет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости