www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 6-апрелде Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Индиянын "Medanta-the Medicity" ооруканасынын өкүлү доктор Вани Акбердини кабыл алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, индиялык дарыгердин Бишкекке болгон иш сапары Кыргыз Республикасынын Индиядагы элчилигинин демилгеси менен президенттин "Саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү жана калктын жашоо сапатын жана ден-соолугун жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгынын алкагында болуп өттү.

"Индиянын ооруканаларында кымбат-баалуу дарылануудан жана консультациядан өтүп жаткан кыргыз бейтаптарынын санынын көптүгүн, ошондой эле чет өлкөлүк клиникаларда дарыланууга кыргыз жарандарынын мүмкүнчүлүгүнүн жоктугун эске алып, Индиядагы Кыргыз өлкөсүнүн элчилигинин өтүнүчү боюнча Индия клиникасынын Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн, айрыкча Кыргыз жарандарына сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн биринин негизинде Индиядан келген квалификациялуу дарыгерлерди тартуу менен, Индия тарап индиялык клиниканын кызматташуу вариантын сунуш кылды.

Бул кызматташуу ошондой эле медициналык кызматтарга баанын төмөндөшүн оптималдаштырууну караштырат жана Индиядан келген дарыгерлердин бейтаптарга консультация берүүсүндө телемедицинаны колдонууну, индиялык ооруканаларда кыргыз дарыгерлеринин квалификациясын жогорулатууну, ошондой эле органдарды трансплантациялоо, кардиология жааттарында тажрыйба алмашууну камтыйт.

Министр Бейшеналиев Индияда дарыланып жаткан кыргыз бейтаптарга өз убагында жардам көрсөтүү керектигин белгилеп, министрлик Индия тараптын сунушун иликтей тургандыгын билдирип, тиешелүү структураларга долбоорду эртерээк ишке ашыруу боюнча маселелерди иштеп чыгууну тапшырды", - деп жазылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости