www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Евронун атасы» деп эсептелген канадалык экономист Роберт Манделл 88 жаш курагында көз жумду.  Бул тууралуу Bloomberg журналы Колумбия университетинин өкүлүнө шилтеме берүү менен жазып чыкты.

«Forbes» журналынын маалыматы боюнча, экономист 4-апрелде Италияда көз жумган. Анын акыркы жылдары үй-бүлөсү менен чогуу Италияда жашагандыгы айтылып келген.

Роберт Манделл Европа үчүн бирдиктүү валютанын түзүүчүсү болуп эсептелинет. Экономистин изилдөөлөрү 1999-жылдагы акча биримдигинин негизин түзүүгө жардам берген. Ал ошондой эле жалпы европалык экономикалык жана валюта биримдигин түзүүнү колдогон.

1999-жылы Роберт Манделл Экономика тармагы боюнча Нобель сыйлыгын акча-кредиттик жана фискалдык саясатты талдоо, ошондой эле оптималдуу валюта зоналарын анализдегендиги үчүн алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости