www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Конституциянын кабыл алынышына каршылык көрсөткөндөрдүн аркасында дагы үчүнчү күчтөр турганы көрүнүп калды», - деди бүгүн, 9-апрелде NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Нарынбек Молдобаев.

- Президент Садыр Жапаровдун экс-президенттер менен бирдикте «Ата-Бейитте» 2010-жылдын 7-апрелинде шейит кеткендерге чогу гүл койгону жакшы жөрөлгө катары бааласак болобу?

- Албетте, президенттин экс-президенттер  менен бирге барып, «Ата Бейитке» куран окуп, гүл койгону жакшы жөрөлгө деп ойлойм. Анткени, Кыргызстанда келген эле президент мурунку президенттин ишин жактырбай келген. Ошон үчүнбү  2005-жылдын 24-мартында болгон революцияны кийин келген президенттер маани берип, баалаган эмес. Өздөрү бийликке келген 7-апрелдеги окуяны майрам катары «ыңкылаптын күнү» деп киргизип коюшкан. Чындап айтканда, ал күнү бийлик алмашуу эле болгон. Ыңкылап деле болгон эмес. Ошентсе да, мындай күндөргө өзгөчө маани берген туура деп ойлойм.

Себеби, мына ушундай күндөрдү ак менен караны ажыраткан, үй-бүлөлүк башкарууну токтоткон күн катары маани берип турганыбыз оң. Азыркы бийлик да өткөн күндү эстеп, өткөн күндү сыйлап, баркташы керек. Негизи Садыр Жапаровдун мурунку президенттер менен тил табышып, сыйлашып турганы сырттан караган кишиге жагымдуу болот экен. Бири-бирине сындап, ыркырашып турса, кызыктай көрүнөт экен. Ошон үчүн кечиримдүү болуп, келишимге келишибиз керек. Антпей мурунку президенттин жамандыгын кийинкиси чукуй берсе, ызы-чуу жарала берчүүдөй.

- Баса, 2010-жылы болгон Түштүк коогалаңы иликтенмей болду. Бул окуяга кайрылуунун зарылдыгы бар беле?

- 2010-жылкы окуяны иликтегени жатышат. Бирок, мен ал окуяны чукуштун кереги жок дээр элем. Бирок, анткенибиз менен ал окуяга учурунда саясий баа берилбей калган. 1500дөй үй өрттөлүп, 500гө чукул киши каза болгон. Дагы бир канча киши дайынсыз жоголгон. Ошон үчүн иликтеп, саясий баа берип койсо болот. Болгону, түштүк окуясына сен күнөөлүүсүң деп кимдир бирөөнү жазалаштын, куугунтук кылыштын, камаштын кажети жок.

Менимче Сооронбай Жээнбеков ал мезгилде Ош облусунун губернатору болгону үчүн окуяны ичинен билген. Кыйынчылыктарды өз көзү менен көрүп, билгени үчүн ал маселени көтөргөн эмес. «Ата Журттун» балдары да атайын машине уюштуруп барышып, элге колдоо көрсөтүшкөн. Тагыраагы, Садыр Жапаров, Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиевдер да коогалаңды токтотууга салым кошушкан. Түштүк окуясы кандай болгонун, элдин ченебей азап тартканын жакшы билишет. Ташиев танканын үстүнө чыгып алып, элди тынчтандырып, элдик баатырга айланган.

Кыскасы, булар чоң жаңжалды токтотууга чоң салым кошушкан. Ошон үчүн ал окуяны чоң саясий куугунтукка айлантпай, саясий баа берип койсо, жакындарын жоготкон, азаптуу күндү башынан кечирген элдин да көксөөлөрү сууйт  эле.  

- Жаңы конституция 11-апрелдеги референдумда колдоо табабы?

- Референдум менен кабыл алынган Конституция колдоо тапса керек. Анткени, эл жаңы конституция болсо, жакшы экен деп колдоп берет деген ойдомун. Бирок, саясатты түшүнгөндөр каршы болуп жатышат. Конституциянын кабыл алынышына каршылык көрсөткөндөрдүн аркасында дагы үчүнчү күчтөр турганы көрүнүп калды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости