www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда окумуштууларга белгилүү болгон астероиддердин бири да жакынкы жүз жылда Жер менен кагылышпайт. Бул тууралуу NASA агенттигинин жетекчисинин орун басары Томас Зурбухен билдиргенин РИА Новости жазды.

NASA шаршемби күнү DART космостук жабдыгын Диморф астероидине учурууну пландап жатат. Чакан космостук кеме астереоид менен атайын кагылыштыруу үчүн жиберилген, анын жыйынтыгы менен адистер Жердин коргонуу технологиясын сынап көрмөкчү.

"Кам санабагыла, бул астероид азыр жерге коркунуч жаратпайт. Бизге белгилүү болгон объектилердин бири дагы жакынкы жүз жылда кооптулук туудурбайт", — деген NASA өкүлү.

Ал илимпоздорго чоңдугу 140 метрлик объектилердин 40 пайызы гана белгилүү экенин, 60 пайызын табуу керектигин кошумчалаган.

DART миссиясын SpaceX компаниясынын Falcon 9 ракетасында учуруу 24-ноябрда Москва убактысы боюнча саат 9:20га пландалган. Ал эми космостук аппаратты астероид менен кагылыштыруу келерки жылдын сентябрь-октябрь айларына мерчемделгени айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости