www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NASA: Кытай Айга адамды АКШдан мурда жөнөтүшү мүмкүн

АКШнын Улуттук аэронавтика жана космосту изилдөө башкармалыгынын (NASA) жетекчиси Жаред Айзекмандын айтымында, Кытай Айга адамды АКШдан мурда кондурушу мүмкүн. Бул тууралуу ал CBS телеканалына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кытайлык космонавттар сөзсүз түрдө Айга конушат жана буга эч кандай шек жок.

«Негизги суроо – АКШ алардан мурда Айга кайтып бара алабы жана бул жолу аны башкача жол менен ишке ашыра алабы. Биз Айда база куруп, ал жерде узак мөөнөттүү туруктуу катышуубузду камсыздоону каалайбыз. Мен муну ишке ашырабыз деп ишенем», – деди Айзекман.

Ал ошондой эле учурда космосту өздөштүрүү боюнча атаандаштык күчөп жатканын жана Кытай бул багытта өтө ылдам өнүгүп жатканын белгиледи.

Белгилей кетсек, NASA 2032-жылга чейин Айда жашоо үчүн ылайыкташтырылган станция курууну пландап жатат. Бул миссиялардын алкагында келечекте адамды Марска жөнөтүүгө керектүү технологияларды сыноо да каралган.

Последние новости