www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

НАСАнын Mars Reconnaissance Orbiter аттуу космостук аппаратынын Марстын бетинен тарткан табышмактуу объектинин сүрөтү коомчулукта чоң талкуу жаратты.

Айрым изилдөөчүлөрдүн айтымында, бул объектти жөн гана “таш”, “адаттан тыш формадагы аска” же табигый түзүлүш деп түшүндүрүү кыйын.

Сүрөттө дисктин формасындагы, эл арасында “учуучу табакча” деп аталган объектке окшош нерсе көрүнөт. Объекттин көлөмү болжол менен 15 метр диаметри бар экени айтылууда. Ал Марстын топурагынын алдында жарым-жартылай көмүлүп калган, ал эми үстү жагынан үч бурчтук формадагы түзүлүш байкалат. Кээ бир божомолдорго ылайык, бул чоң өлчөмдөгү жана алыскы космостук учууларга жөндөмдүү аппарат болушу мүмкүн. Бирок расмий илим бул пикирди тастыктаган эмес.

Бул сүрөттөр НАСАнын HiRISE (uahirise) миссиясынын расмий сайтында жайгаштырылган. Расмий сүрөттөмөдө объект “Марстагы Кандор каньонундагы таштуу тоо түзүлүштөрү” катары мүнөздөлөт. Кандор каньону Маринер өрөөнүндө (Valles Marineris) Марстагы эң ири каньондор системасында жайгашкан.
Учурда бул объекттин табияты тууралуу так илимий жыйынтык жок. Ал эми сүрөт коомчулукта ар түрдүү пикирлерди жаратууда.

Последние новости