www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Артемис-2" миссиясындагы космонавттар Айдын алыскы тарабын жана анын артынан көрүнгөн Жерди жакындан тартып алышкан. 6-апрелде "Орион" космос кемесинин терезесинен тартылган сүрөттөр 7-апрелде NASAнын веб-сайтында жогорку сапатта жарыяланган.
Бул сүрөт композициясы космонавтиканын тарыхындагы эң белгилүү кадрлардын бири - “Жердин чыгышы” менен дээрлик окшош. Аны 1968-жылы Уильям Андерс Apollo 8 миссиясы учурунда тарткан.
Белгилей кетсек, Artemis II миссиясы 1-апрелде Флоридадагы Кеннеди атындагы космостук борбордон учурулган. Бул 50 жылдан кийин адамдарды Айга жөнөткөн биринчи учуу болуп саналат.
NASAнын маалыматына ылайык, миссиянын төрт астронавты Жер менен Айдын ортосундагы жолдун жарымынан көбүн басып өтүп, 230 миң чакырымдан ашык аралыкты багындырды. Айды айланып өткөндөн кийин Orion кемеси кайра Жерге кайтууга багыт алды.