www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кочкор районунун Туз айылында жыйырма жаштагы небересин баккан эне жашайт. Өзү жетимиш жашка таяп калса да мүмкүнчүлүгү чектелген небересин карап келет. Буга чейин Азизанын дары-дармегине, кем-карчына экөөнүн пенсиясын жумшап келген. Бирок күн өткөн сайын небересинин абалы оорлошуп, кайрымдуу адамдардан жардам сураганга муктаж болуп отурат. Эне-баланын тагдырына кайдыгер карабагандар кол сунарына үмүтүбүз чоң, - деп жазып чыкты "Леди.kg" гезити.

“Балдарды мага таштап ажырашып кетишти”

Азиза менин экинчи уулумдун тун кызы. Кызым быйыл жыйырма жаштын тамагын ичип жатат. Оорусу бир жарым жашында башталган. Казан-аяк ар бир үйдө эле кагышат да. Келин-уулум ошондо түн жарымында уруша кетип ал кызын колуна алып үйдөн качып чыгыптыр. Туз айылынан Чолпон айылында жашаган төркүнүнө чейин баланы жука кийим менен көтөрүп барыптыр. Жетери менен бала катуу ооруп, ошол жактан оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшөт. Доктурлар “өпкөсүнө катуу суук тийиптир” деп дарылашат. Угушума караганда ошондо өпкөсүнөн суу тарттырып салган дейт. Бирөө жүлүнүнөн тарттырыптыр дейт. Айтор, көзүң менен көрбөгөндөн кийин болжолдоп эле кала бердим. Экөөнү элдештирип кийин келинимди алып келгенде анын бирин бизге айткан эмес. Кийин бала жакшы эле чоңоюп жатып, төрт жашка чыкканда улам-улам ооруп, басып баратып эле жыгылып калмайы кармап калды. Ошондон бери доктурдан доктурга алып барып жаныбыз тына элек. Кийин уулдуу болушту. Баласы бир жарым жашка чыкканда экөө ажырашып кетип, эки бала менин колумда калган.

“Карында жаткансып бүрүшүп калды”

Азизанын абалы жылдан-жылга начарлай берди. Шаардагы ооруканага жылына барып дарыланып жаттык. Бирок угуусу начар, сүйлөбөй, аягында буту баспай калды. Абалы жакшыраак кезинде райондогу мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын мектебине бергем. Ал жактан эки жыл окуду да, буту баспай калгандан кийин чыгып калдык. Майыптардын арабасына салып ар кайсы доктурга барып дарылатып жүрдүм. “Мээсинин кан тамырларына чейин катуу суук тийген” дешти. Ошол оорусу башынан бутуна карай түшүп келе жатат. Буту-колунун сөөктөрү ичкерип, карында жаткан баладай бүрүшүп жата берет. Кээде сөөктөрү, муундары сыздатып ооруганда түнү бою уйку бетин көрбөй кыйналып чыгат. Андайда зээним кейип маңдайында ыйлап, Жаратканга жалынып отурам. Он үч жашынан бери көтөрүп багам. Такма жалаяк менен жатат. Оозуна кашыктап тамак куям. Колумдагы келиним экөөлөп жуунтабыз. Доктурлар башында анализдерин кылдат текшерип, жакшы эле карап жатышкан. Ал тургай Москвадан келген профессорлор да карап чыгышты. Акырында эч нерсе кыла албайбыз деп колума чыгарып берип коюшту. Айлабыз кеткенде табыптарга алып бардык. Майнап чыккан жок. Мурда арабага салып түртүп алчумун. Бир аз жеңил болор эле. Азыр арабага боюн кармап да отура албай калган. Алтымыш тогуз жаштамын. Кызды көтөрүп кароодо кыйналам, маңдайында карап отуруп аны менен кошо кыйналып бүттүм.

“Ата-энеси өз алдынча кетип калышты”

Бир жарым жашында колума келген Бактияр Кочкор районундагы кесиптик лицейдин биринде 3-курста окуп жатат. Келиним уулум менен ажырашкандан кийин кайра турмуш куруп балалуу болду деп уктум. Шаарга ооруканага жатканы барганда бир-эки ирет келген. Андан бери кызынын ден соолугун сурап, каралашайын деле дебейт. Өзүмдүн балам болсо экинчи ирет турмуш курган. Төрт балалуу болду. Учурда үй-бүлөсү айылда, өзү Москвада иштеп жүрөт. Баламды жамандагандай болбоюн, атасынын деле кайрымы жок. Беш балалуумун, баары үйлүү-жайлуу. Өздөрүнүн тиричилиги менен алек. Келип калышканда каралашып турушат. Колдогу балам үйдө, жумуш болуп калса анда-санда курулушка чыга калат. Келиним кесиби боюнча мугалим, бирок мектепте орун жок иштей элек.

Ар-намысты жыйыштырып элден жардам сураганга аргасыз болуп жатам. Кызымдын дары-дармегине, күнүмдүк кийген такма жалаягына акча таппай кыйналып калам. Кандай жардам болсо да кабыл алам, кайрымдуу адамдар кызым экөөбүзгө кол сунса деп тилеп келем. Мен күнүмдүк жашоомдо телефон колдонбойм. Элден жардам болот деген илгери үмүт менен неберем Бактиярдын телефонунан Элсом кызматын ачтырдык.

Элсом номуру: 700 76 42 52

Булак:NazarNews.kg

Последние новости