www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште Казакстанда бөйрөк саткан адамдарды текшерүү сунушталды. Бул тууралуу   депутат Дастан Бекешев билдирди.

Анын айтымында, бюджеттен гемодиализ кызматтарын көрсөтүүгө 478 миллион сом сарпталат. 

“Бөйрөгүн саткан жарандарды табууга аракет кылыш керек. Бул потенциалдуу гемодиализниктер. Бул адамдарды саламаттыкты сактоо уюмдары аркылуу ким экенин аныктап алууга болот. Кандай учур болбосун, кандайдыр бир диагноз менен кайрылышат. Алардын адам  органдарын сатуусуна жол бербөөгө аракет кылышыбыз керек", — дейт Дастан Бекешев. 

Эскерте кетсек, Казакстанда адамдын органын трансплантациялоочу мыйзамсыз топ кармалган. Кармалгандардын арасында Кыргызстандын жараны дагы бар. Ага “адамдан мыйзамсыз ички органын алуу” жана “мыйзамсыз трансплантациялоо топто ишмердүүлүк жүргүзүү” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул топ эки жылдан бери Казакстандын аймагында адам органдарын көмүскө алмаштыруу боюнча иш жүргүзүп келген. Алардын басымдуу бөлүгү чет өлкөлүк жарандар болгон.

Чымкент шаарынын №1 ооруканасынын башкы дарыгери мыйзамсыз топтун мүчөлөрү менен кызматташууга барып, мыйзамга ылайык органдарды сатуу, сатып алууга тыюу салынганына карабай чоң суммадагы “ыраазычылык” үчүн бейтаптардын органдарын мыйзамсыз алып жүргөн. 

Мындан мурда бул ишке байланыштуу Куттымуратов аттуу дарыгер-трансплантолог камакка алынса, жакында эми Тайсалова Б. аттуу Кыргызстандын жараны кармалып отурат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости