www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов Стамбулда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер менен 15 жылдай  тааныш болуп жүргөндүгүн мойнуна алды. Ал бул тууралуу «Chagylgan.kg» порталына билдирген.

“Саймаити ийгиликтүү ишкерлердин бири болгон. Аны көбү тааныйт. Убагында Саймаити ага кимдир бирөө арыз жазып, кылмыш иши козголгондугун мага өзү айткан. Ошондон улам ал чет өлкөгө кетип калса керек. Андан ары анын жашоосу тууралуу кабар алган эмесмин. Финансы полициясы ага Интерполдун линиясы менен издөө жарыялагандыгын мен Стамбулдагы окуядан кийин гана билдим”, - деген эл өкүлү.

Андан сырткары, депутат Саймаити менен достук мамиледе болгондугун кошумчалаган.

“Ал Кыргызстандан кеткенден кийин мен аны Стамбулдан кезиктиргем. Учурашканбыз. Биз жакшы мамиледе болгонбуз. Ал адам менен мен 15 жылдан бери таанышмын. Мен аны Кыргызстанга келип ишкерлик менен алектенген башка кытай соодагерлерин тааныгандай эле тааныйм.  Кара-Суу базарында соода кылчу. Достук мамиледе болчубуз”, - деп кошумчалаган Төрөкулов.

Белгилей кетсек, акыркы убактарда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаити кыргыз парламентинин КСДП жана “Бир Бол” партиясындагы далай саясатчылар менен күмөндүү бизнес-өнөктөш экендиги тууралуу маалымат тарап, көптөгөн фото жана видео материалдар интернет мейкиндигинде тараган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости