www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Элнура Кулуева Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин короосуна таш ыргытты.

"Эми кезек Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге келди...

Урматтуу министр Космосбек Сариевич, сиз саламаттык сактоо системасында көп нерсени көрбөй жатасыз. Сизям иштебей жатасыз деп кесе эле айтабыз. Кыргызстанда 500 миң адам гепатит менен ооруйт деген маалымат чыкты. Сариевич Саламаттык сактоо системасын талкалап, бүлдүрдү деп ар бир тешиктен уксаңыз болот. Улуттун саламаттыгы талкаланып жатканын билесиз да. Туура эмес дарылоодон жана антибиотикке эл ууланып калды. А сиз кабинетиңизден көрүнбөй олтурасыз! Тамак аш коопсуздугу, жаман оорулардын күч алышы... Эмнеге деген анализдерди чакылдатып, ар бир ооруканаларды жип менен кыдырсаңыз болмок ...

Мындан 3 жыл мурун "Санэпидемстанциянын текшерүүсүндө №4 ооруканада гепатит С, гепатит В менен ооруган 11 дарыгер бар деген жыйынтык чыгып жатат. 2015-2016- жылдын санкнижкаларында кызыл менен жазылып турат деп ушул жерден какшагам. Парламент трибунасына чейин маселе койгонбуз. Ошондо да басты кылып коюшту эле. 500 миң адам гепатит менен ооруйт деген цифра бул коркунуч... Тиш дарылоо жайлардын баарын караш керек...", - деген пикирин айтты Элнура Кулуева.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости