www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт аке сүйүнчү! Бишкекте үч эм төрөлдү

Борбор калаанын №4 төрөт үйүнүн дарыгерлери үч эмди жарык дүйнөгө алып келишти. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы “NazarNews.kg” маалымат агенттигине билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 46 жаштагы Айнура Жайнакова аттуу шаар тургуну салмагы 1,75 килограмм жана 1,27 килограмм келген эки кыз, ошондой эле 1,45 килограмм болгон уул төрөгөн. Мындан сырткары бул эненин өспүрүм курактагы эки уулу бар экени белгиленет.

Учурда эненин акыбалы канааттандыраарлык экенин дарыгерлер билдиришкен. Ал эми ымыркайлар болсо жаңы төрөлгөндөрдүн жандандыруу бөлүмүндө убактылуу кармалууда.

Бишкек шаарынын Октябрь районундагы социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Рейна Султанмуратова жана ал райондук акимиаттын социалдык бөлүмүнүн жетекчиси Зарема Өмүрзаковалар эгиздердин апасынын ал-акыбалын сурап, куттуктап кетишкен.

Белгилей кетсек, жакында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон жарлыкка ылайык, эми үч же андан көп эм төрөлгөндө, алардын ар бирине мамлекет тараптан 50 миң сомдон сүйүнчү берилмей болду. Бирок, бул мыйзам 2019-жылдын 1-декабрынан тарта күчүнө кире тургандыктан, анын 3 эм төрөгөн Жайнаковага тиешеси жок.

Эске сала кетсек, ушул жылдын башында Бишкекте төрт эм төрөлгөн. Алардын ата-энеси эгиздерге Арууке, Акбермет, Айчолпон жана Сооронбай деген ысымдарды ыйгарышкан. Шаардык кеңештин токтому менен бул үй-бүлөгө жергиликтүү бюджеттен 90 миң сом материалдык жардам көрсөтүлгөн жана 16 миң сом сүйүнчү берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости