www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
НАТОго мүчө өлкөлөр Украинада согуш уланып жаткан шартта Орусия менен кандай мамиле куруу керектиги боюнча ача пикирде болууда. Бул тууралуу The New York Times басылмасы жогорку кызматтагы батыш аткаминерлерине шилтеме кылып кабарлады.
Маалыматка караганда, Балтика өлкөлөрү менен Польша Москва менен мамилени толук үзүп, «Орусияны чөгөлөтө турган» чараларды көрүү зарыл экенин билдирүүдө. Алар Орусия өзүнүн жеңиши катары көрсөткөн нерселердин баары Европанын коопсуздугуна олуттуу зыян алып келет деп эсептеп жатышат.
Ошол эле маалда Франция, Германия жана Түркия орус армиясына карата аскердик кылмыш кылуу айыбы айтылганына карабастан, Владимир Путин менен байланышты улантууну каалап жатышат.
Ушул күндөрү Брюсселде НАТОго мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу өтүүдө. Британ ТИМинин башчысы Лиз Трасс негизги «Орусия – НАТО» актысы «өлгөнүн» белгилеп, уюм Москва менен мамилесин толугу менен кайрадан карап чыгышы керектигин айтты.
Буга чейин НАТО орус армиясы Украинада жаңы чабуулдарга даярданып жатканын билдирген. «Аскерлердин Киев облусунан чыгышы бул чегинүү эмес, жоокерлерди бир жерге топтоо аракети. НАТОнун маалыматы боюнча, Орусия Донбассты толугу менен өз көзөмөлүнө алып, аннексияланган Крымга кургактыктан коридор ачууну көздөп жатат», - деген уюмдун башкы катчысы Йенс Столтенберг.
Марттын аягында Москва Украинанын түндүк аймактарындагы аскерлеринин санын кыйла азайтып, негизги күчтү Донецк жана Луганск облустарын толук көзөмөлгө алууга жумшай турганын билдирген.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg