www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусия өз күчтөрүн артка кайтарбаганын, анын ордуна аскердик бөлүктөр орун гана которуп жатканын айтты. Ал 31-марттагы маалымат жыйынында орус күчтөрүнүн соңку кыймыл-аракети "кошумча чабуулдар" болоорун туюнтуп жатканын белгиледи.

"Орус күчтөрү өз катарын кайра карап чыгууга, өзүн керектүү каражат менен жабдып алууга жана Донбасс аймагына чабуулун күчөтүүгө аракет кылып жатат. Ошол эле кезде Орусия Киевге жана башка шаарларга кысым көрсөтүүнү улантууда. Андыктан биз дагы көп азапка себеп болуучу кошумча чабуулдарды күтсөк болот", - деди Столтенберг.

29-мартта Орусия Украинанын баш калаасы Киевдин жана түндүктөгү Чернигов шаарынын айланасындагы операцияларын кыскартып жатканын билдирип, анын максаты "өз ара ишенимди бекемдөө" аракети менен түшүндүргөн.

Орус тарап бул тууралуу эки өлкөнүн делегацияларынын Стамбулдагы сүйлөшүүлөрүнөн кийин жарыялаган болчу. Бирок мындай билдирүүгө карабастан орус күчтөрүнүн Украинанын түндүгүндөгү аба чабуулдары уланып жатканын эки тарап тең ырасташты.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости