www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
НАТОнун чалгындоо кызматы Бахмуттун жанындагы орус аскерлеринин жоготууларын украин тараптын жоготууларынан беш эсе көп деп баалады. Бул тууралуу CNN НАТОдогу өз булагына таянуу менен билдирди.
Буга чейин Американын согушту изилдөө институту менен Украинанын кургактагы күчтөрүнүн кол башчысы, генерал-полковник Александр Сырский орус армиясынын ири жоготуулары тууралуу маалымдаган. Согушту изилдөө институту Бахмуттун жанындагы кармаш дагы бир нече айга созулушу мүмкүн деп эсептейт.
АКШнын Коргоо министри Ллойд Остин орус аскерлери Бахмутту басып алса да, бул согуштун бурулуш учуру болбойт деп билдирди.
Бахмуттун жанындагы салгылашуу жарым жылга жакын убакыттан бери уланууда. Согушка чейин Донецк облусундагы бул шаарда 70 миңдей адам жашаган. Азыр калаа урандыга айланды. Орусиянын кол башчылыгы жана «Вагнер» жеке аскер компаниясынын башчысы Евгений Пригожин Бахмуттун курчоого алынганын жана каршы тараптын мизи кайткарылганын бир нече жолу кабарлаган. Украина бийлиги аскерлер шаарды коргоону улантууда деп ырастоодо.
6-мартта Украинанын президенти Владимир Зеленский армия жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Ал Украина Бахмуттан аскерлерин чыгарбай турганын, шаарды коргоону улантарын билдирди.
12-февралда «Би-Би-Си» жана «Медиазона» орус армиясынын согуш башталгандан берки жоготуулары тууралуу маалыматтарды жарыялаган. Ачык булактардан алынган маалыматтарга караганда, 14 миң 93 орус аскери набыт болгон. Жоготуулардын чыныгы саны алда канча көп болушу мүмкүн.
Орусия аскерлеринин жоготуулары боюнча маалыматтарды ачыкка чыгарбайт. Украина да курман болгон аскерлеринин саны тууралуу айтпайт.
Батыштын чалгын кызматынын эсептөөлөрү боюнча согушта 60 миңдей орус аскери өлгөн болушу мүмкүн. Былтыр ноябрда Пентагон эки тараптан тең 100 миңдей киши каза тапканын кабарлаган.
Булак: NazarNews.kg