www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери Украинага аба соккусунан коргонуучу жабдыктарды берүүнү кубатташты. 12-октябрда өнөктөштөр Украинага абадан коргонуучу жаңы системалар берилерин жарыялашты.
Франция жакынкы жумада радарлар менен аба соккусунан коргонуучу жабдууларды берет. Канада артиллериялык снаряддар менен кошо аскерлерди кышкы кийим менен жабдымай болду. Германия абадан коргонуучу төрт IRIS-T SLM системасынын алгачкысын жөнөттү. АКШ болсо NASAMS системасын жиберет.
Кошмо Штаттары буга чейин да Украинага төрт даана HIMARS реактивдүү артиллериялык системасын жиберген. Вашингтон Киевге буга чейин HIMARS системасынан 16 даана жөнөткөн. Жаңыларын кошкондо анын саны 20га жетти.
АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Орусиянын Украинага акыркы ракеталык чабуулу эл аралык коомчулуктун биригүүсүнө алып келгенин айтты.
10-октябрда Орусия кургактан, абадан жана деңизден жалпысынан 80дей ракета учуруп, Украинанын Киев баштаган ондогон шаарларын аткылаган. Ракеталардын теңинен көбүн украин коргоо күчтөрү асманда жок кылганга үлгүргөн. Калгандары карапайым тургундар жашаган аймактарга, энергетикалык объектилерге тийди.
Өмүрү кыйылгандардын саны 20га жетип, жүздөн ашуун киши жараат алды.
Орусиянын президенти Владимир Путин Украинаны жапырт аткылоо Крым көпүрөсүндөгү жарылуу үчүн жооп экенин белгилеген. Ал Орусиянын аймагында теракттарды уюштуруу аракети болсо, “жооп мындан да катуу болорун” эскертти.
Путин үчүн символикалык мааниге ээ деп саналган Крым көпүрөсүндөгү жарылуу 8-октябрда болгон. Ал үчүн украин бийлиги түз жоопкерчилик алган эмес.
Булак: NazarNews.kg