www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Анкарада өтө турган НАТОнун саммитиндеги Украина үчүн эң маанилүү маселелердин бири — 70 миллиард евролук аскердик жардам боюнча милдеттенмени бекитүү.

Бирок, Politico басылмасынын маалыматына ылайык, бул каржы пакети толугу менен жаңы каражаттардан турбайт. 

Анын 30 миллиард евросу Европа Биримдигинин Украинага буга чейин макулдашылган 90 миллиард евролук эки жылдык насыясынын эсебинен бөлүнөт.

Калган 40 миллиард евро болсо НАТОго мүчө өлкөлөрдүн жаңы эки тараптуу милдеттенмелери аркылуу камсыздалат.

Мындай чечимдин негизги максаты — Альянска мүчө мамлекеттердин Киевге түздөн-түз колдоосун милдеттендирүүгө жакындатуу.

Башкача айтканда, алар Европа Биримдигинин 90 миллиард евролук насыясынан тышкары дагы кошумча каражат бөлүүгө саясий милдеттенме алышы керек.

Ошол эле учурда конкреттүү каражатты бөлүү чечимин НАТОнун саммити эмес, ар бир өлкөнүн өкмөтү өз алдынча кабыл алат. Саммиттин чечими юридикалык жактан милдеттүү күчкө ээ болбойт.

Бул жагдайда НАТОнун буга чейинки саммиттеринде мүчө өлкөлөргө аскердик чыгымдарды алгач ИДПнын 2 пайызына, кийин 5 пайызына чейин көбөйтүү боюнча чакырыктар жасалганын эстөөгө болот. Бирок бүгүнкү күнгө чейин Альянстын көптөгөн өлкөлөрү 2 пайыздык көрсөткүчкө да жете элек.

Демек, Украина кошумча 40 миллиард евро алабы же жокпу — бул НАТОнун саммитинен эмес, ар бир мүчө мамлекет өзүнө алган милдеттенмени кандай аткарарына жараша болот.

Последние новости