www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
НАТОнун чыгышты карай кеңейүү боюнча саясаты Украинадагы орусиялык атайын операциянын башталышына себеп болду. Бул тууралуу Кытайдын Элдик бошотуучулар армиясынын отставкадагы улук полковниги Чжоу Бонун айтканын South China Morning Post басылмасынан алып РИА Новости жазды.
"Украинадагы чатак НАТОнун Орусиянын эскертүүсүн тоготпой жана кеңейүүсүн уланта бергендигинен улам келип чыкты", — деген Бо.
Офицер чыңалуунун мындан аркы ырбашы өзөктүк куралды колдонууга алып келген аскердик чатакка айланышы мүмкүндүгүн белгилеген.
Бо андыктан НАТО бардык жоопкерчиликти өзүнө алып, кандай гана кырдаал болбосун Орусияга биринчилерден болуп өзөктүк сокку уруудан баш тартышы керектигин айтат. Андан сырткары, Москванын биринчи сокку уруудан баш тартуу шарттарында НАТОнун чыгышка карай кеңейтүүсүн токтотуу, Европадагы коопсуздуктун жаңы механизмдери боюнча сүйлөшүүлөрдү демилгелөө, аймакта адаттагы жана атомдук куралдарды чектөө жаатында келишим түзүүсү маанилүү экендигин белгилеген.
Эске салсак, Орусия Украинада атайын операциясын 24-февралда баштаган. РФтин Коргоо министрлиги Куралдуу күчтөр соккуну аскердик инфраструктура жана аскердик күчтөргө уруп жаткандыгын, 25-мартта негизги тапшырманын биринчи этабын аткаргандыгын, тагыраагы, Украинанын согуштук мүмкүнчүлүгүн азайткандыгын билдирген. Алар башкы максат — Донбассты бошотуу экендигин айтышты.
Булак: NazarNews.kg