www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
СССР тарагандан кийин НАТО альянстын аймагын кеңейтүүнүн алкагында Орусиянын чек араларына курал жөнөтүшү чекилик болгон. Бул тууралуу Лос-Анжелестеги Калифорния университетинин Орусия боюнча эксперти Дэниел Трейсман билдиргенин New Yorker гезити жазды.
Анын пикиринде, 1994-жылы Түндүк атлантикалык альянстын мурдагы советтик союздаштарды катарына кошуу чечими аны аңга түрткөн.
"1990-жылдары негизги эл аралык чакырыктар Орусияны батыш дүйнөсүнө жакындатуу болгон. Батыш жаңы финансылык, коммерциялык, маданий жана саясий байланыштарды жөнгө салышы зарыл эле. Ошондой эле НАТОго кошумча катары Европанын коопсуздугу боюнча жаңы механизмдерди түзүшү керектелген", — деп айткан Трейсман.
Эксперт ошол учурда ийгиликтүү кадамдар жасалса, Чыгыш Европадагы коопсуздук камсыздалып калмак деп эсептейт. Бирок андай болбой Чехия, Венгрия жана Польша 1999-жылы НАТОнун курамына кирип кеткен.
"Батыш НАТОнун чыгышка курал жөнөтүшүнө Москванын реакциясын баалоодо да жаңылды", — деди эксперт.
Орусия бир нече жолу Түндүк атлантикалык альянс конфронтация максатын көздөп жатканын белгилеген. Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков уюмдун мындан ары кеңейтилиши Европага коопсуздук алып келбей турганын, НАТО агрессиялык мүнөздө баратканын билдирген.
Булак: NazarNews.kg