www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Навальный Песковду сотко берди

Алексей Навальный Россиянын президентинин пресс-катчысы Дмитрий Песковго каршы сотко кайрылды.

Керектүү иш кагаздар Москва шаарындагы жалпы юрисдикциядагы соттордун расмий порталына жарыяланган. Доо арыз 16-ноябрда катталганы көрсөтүлгөн. Иштин категориясында "198 - жарандардын жана юридикалык жактардын ар-намысын, кадыр-баркын, ишкердик беделин коргоо жөнүндө" деп көрсөтүлгөн. Документтеги маалыматка ылайык, сот иши учурда судьяда. Арызды ким карай турганы жарыяланган эмес.

Октябрдын башында Песков АКШнын ЦРУнун кызматкерлери Навальный менен иштешип жаткандыгын, алар Навальныйга тиешелүү бир нече көрсөтмө бергенин айткан. Мындай жол менен ал блогердин уулануусуна Россиянын жетекчилигинин тиешеси бар деген сөздөрүнө комментарий берген. Песковдун мындай кылыгын уккан Навальный президенттин басма сөз катчысын сотко берүү ниети жөнүндө айткан. Ошондой эле ал Американын жашыруун кызматы менен иштегендигинин далилдерин жарыялоону талап кылган. Журналисттер тарабынан блоггердин коркутуулары жөнүндө комментарий берүү өтүнүчүнө жооп кылып, Песков өзүнүн билдирүүсүн туура окуп чыгуусун өтүнгөн.

Эске салсак, Навальный 20-августта Томск - Москва каттамы учурунда өзүн жаман сезип, учакта эс-учун жоготуп кулаган. Алгачкы эки күндө Омск ооруканасынын дарыгерлери ага жардам берүүгө аракет кылышкан . Ошондой эле Навальный жасалма комага түшүрүлгөн. 22-августта бейтап Берлиндеги клиникага которулуп, сентябрда комадан чыгарылып, үйүнө чыккан. Немис адистери оппозиционердин Новичок аттуу уулуу зат менен ууланганын жарыяланган. Текшерүү учурунда орусиялык дарыгерлер бейтаптын денесинде уулардын изин табышкан эмес болчу.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости