www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Владимир облусундагы колонияда жазасын өтөп жаткан орус саясатчысы Алексей Навальный  “Росфинмониторинге” каршы арызданды. Москва шаарынын Мещанский сотунун маалыматына караганда, арыз 21-апрелде катталды.

Навальныйдын адовкаттары “Интерфакска” түшүндүрүшкөндөй, ал өзүн экстермисттер менен террорчулардын тизмесинен алып таштоону талап кылууда. “Росфинмониторинг” оппозициячыны бул тизмеге 25-январда кошкон.

Тизмеде анын санаалаштары Леонид Волков, Иван Жданов, Любовь Соболь, Вячеслав Гимади, Георгий Албуров жана Руслан Шаведдинов да бар. Алар экстремисттик коом түзүүгө айыпталышууда.

Бул реестрдеги кишилердин банк эсептери тоңдурулган.

2021-жылы июнда Москва шаардык соту прокуратуранын суроосу менен Навальныйдын фондун жана штабдарын экстремисттик уюмдар катары жарыялап, алардын ишмердүүлүгүнө тыюу салган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости