www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Назар Ньюс” маалымат сайты Кытайдын CGTN менен кызматташтыкты өнүктүрүү аркылуу маалыматтык, маданий жана коомдук байланыштарды чыңдоону көздөйт.

Бул тууралуу “Назар Ньюс” маалымат сайтынын жетекчиси Гүлжан Шерипбаева билдирди. Учурда ал Кытай Эл Республикасында эл аралык CCTV телеканалы тарабынан чакырылып, медиа иш-чараларга катышуу үчүн иш сапар менен жүрөт. Бул иш-чаралардын алкагында эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү жана тажрыйба алмашуу боюнча бир катар сүйлөшүүлөр өтүүдө.

CGTN — Кытайдын эл аралык маалымат берүүчү телеканалы болуп саналып, дүйнө жүзүнө Кытай жана дүйнө коомчулугуна байланыштуу актуалдуу маалыматтарды, маданий жана социалдык темаларды жеткирүүгө багытталган.

CGTN жана “Назар Ньюс” кызматташуусу кыргыз жана кытай маалыматтык аянтчаларынын ортосундагы маданий диалогду жана коомдук байланыштарды тереңдетүүнү көздөйт. Бул кызматташтык аркылуу эки тарап коомчулукка так жана ырааттуу маалымат жеткирүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болууну максат кылууда.

Последние новости