www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси Самат Абиш тергөөнүн назарында. Бул тууралуу бүгүн парламент мажилисинин далисинде Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) төрага орун басары Аскар Амерханов билдирди.

Амерхановдун айтымында, Абиш учурда көрсөтмө берип жатат. "Самат Абиш эркиндиктеби же камактабы?" деген суроого ал "билбейм" деп жооп берди.

Быйыл бери дегенде эле 238 кишинин өмүрүн алган Январь окуяларынан кийин Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Карим Масимов менен анын үч орун басары камалган. Аларга "бийликти күч менен басып алуу аракети" жана "кызмат абалынан ашкере пайдалануу” айыптары тагылган. Мурдагы аткаминерлердин абактагы мөөнөтү бир нече жолу узартылган.

Январь окуяларынан бир апта өткөн соң УКК төрагасынын биринчи орун басары Самит Абиш да кызматтан алынган. Бирок ага кылмыш иши козголгон эмес.

Самат Абиш — Нурсултан Назарбаевдин маркум иниси Сатыбалдынын уулу.

Май айынын аягында казак президенти Касым-Жомарт Токаев Улуттук коопсуздук комитетин реформалоо тууралуу жарлыкка кол койгон.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости