www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир аптанын аралыгында кошуна Казакстанда алаамат жүрүп жатат... Жөнөкөй кана тирешүү кармашуу кагышуу эмес, сабашуу атышуу менен коштошуп, ортодон эки тараптан тең өлүм-житимдердин сандары көбөйүүдө.
Дүйнө эли түгүл, казактар өздөрү аңтаң, баштары маң. Аргасы кеткен Касым Жомарт Токаев, ОДКБ атайын кайрылып, жардам сурады. Бул уюмдун мүчөлөрү өздөрүнүн жоокерлерин жөнөтүштү.
Көрсө, каргашалуу кагышуунун тамыры терээңде экени көбүнө белгилүү. Түшпөс ханга айланган Назарбаев өзү ордуна койгон азыркы аты бар, а бир ак, заты жок президент Токаев экөөнүн ортосундагы дымып турган тирешүүдөн келип чыккан салгылашуу экени айтылып жатат. Андыктан, эки дөө чабышса, ортосунда чымындар өлөт болуп жаткандай.
Албетте, Назарбаевдын айланасындагы биртуугандары, кыздары күйөө балдары баардык ири майлуу-сүттү тармактарды өздөрүнө каратып алышып, ал эбегейсиз байлыктарды кантип коргоп сактап калуу менен алектенишип келишкени анык болгон.
Отуз жылдын аралыгында, Назарбаев баш көтөрүп, чындыкты айткандарды куугунтукталып камалып, айрымдары четөлөкөгө качып, баш калкалап калышкан. Элдин нааразычылыгы күчөп, жарылганы турган учурга жетип калган болчу.
Акыры, учкундан от жалындап, калкыган эл көчөгө чыгышып чечкиндүү талаптарды бийликке койушту. Толкуган элдин талаптарын аткарууга Токаев макулдугун берди. Өкмөттү кетирди. Өз адамдарын тегерегине алып келди. А бир ак, ага карабай, толкуган элдин агымын башка жакка бурган күчтөр пайда болду.
Эмне себептен жалпы өлкөнүн чоң шаарларында кыштын суугуна карабай, буга чейин баш көтөрбөй келген калк толкуп чыкты? Аларды бир заматта кимдер олчойгон каражаттар менен камсыздап алып чыкты?
Көрсө, коркконго кош көрүнөт болуп, Токаев толкуган өз элин “террорчулар четөлкөдөн даяарданып келген бандалар кол салышып, мамлекетти бөлүп-жарганы калды” – деп жар салды.
Андай болсо, ошончо миңдеген куралчан дайардалган террорчулар кантип, кайдан, кайсыл жол менен киришип, үч жүз миңдеген куралдуу күчтөрү бар азаматтарга коркунуч жаратты? Токаев президент болуп туруп, эмнеге ушундай террорчулардын тамыр жайганын билбей сезбей келди? Таңкаларлык жорук...
Убакыт тастыктагандай, көрсө, бул жерде Назарбаев менен Токаевдын ортосундагы тымызын тирешүүнүн ортосундагы эле кагылышуу экени, эми ачыкка чыга баштады. Ошол эле кандуу кармашуудагы окуялардагы тартылып алган маалыматтарда: “Тигине Болот Назарбаевдын сакалчандар армиясы...” – деп бакырган үндөр угулуп жатат.
Демек, ал сакалчан террорчу бандалар Назарбаевтердин атайын даярдап жүргөн аскерлери турбайбы – деген ойго келесиң. Алар атайын провокация кылышып, мамлекеттик имараттарга, соода-сатык борборлорго чабуул жасап, полициянын жана МЧСдин унааларын өрттөшүп, атайын чыккынчылык, мыкаачылык кылган агрессорлор экени аныкталып айтылып жатпайбы.
Агерде, Касым Токаев шашылып ОДКБ аскерлерин чакырбаса, ортодон бөйдө курман болгон жөнөкөй калк, тарай башташкан болчу. Ал эми, Токаевдын кайрылуусу өчүп бараткан отко кайрадан май чачкандай болуп, ызаа болгон элдин экинчи толкуну башталды.
Ал эми, үч миңдей ОДКБ аскери ал жакта символикалык түрдө кана барышты, ортодо макулдашкан Келишимдин негизинде. Казакстандын өзүнүн куралдуу күчтөрү андай он миңге жакын сакалчандарды тынчытып койгонго кантип алдары жетпесин?
Азыркы учурда, Назарбаевдын адамдары кызматтан алынып жатат. Атүгүл, мурунку өкмөт башчы Карим Масимов “госизмена” деген айып тагылып, камакка алынды. Кыскасы башаламан. Айтоор кимисине ишенериңди билбейсиң...
Мелис Арыпбек – эркин журналист, публицист
Булак: NazarNews.kg