www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү алпаруучу, актриса Назира Айтбекова социалдык баракчасына эркектерге байланыштуу пост жазды. Анда ал аялдарга тийиштүү айрым сапаттарды эркектердин талашпай эле коюусун өтүнгөн.

“Таарынуу, телтектөө, мүнөз көрсөтүү, бултуктап-тултуктоо, кара тизмеге киргизүү, кетип калуу, канча күн дайынсыз жоголуп кетүү - аялдарга тийиштүү сапат! Суранам, мырзалар, бизден бул сапатты талашпагылачы!

Айып бизден кетип, асманды сөөмөй менен көзөп алып тим эле, "Гүл асманда өсөт" деп атсак деле "Ооба, сеники чын! Гүл түгүл, асманга чөп-чар да чыгат. Уй-кой да ошол жакта оттоп жүрөт" деп койгулачы, байболгурлар! Жөөөөн эле кээде экиленгибиз, эркелегибиз келет! Көтөрүмдүү болуп, сабыр кылып, анча-мынчага көз жумуп тургула да, омей!

Аны да айтыш керекпи эми! Акылдуу айттырбай, этекке чаптырбай эле билет! Аялдардын дүйнөсү тууралуу килееееейген энциклопедия жаздырбай эле мени!” –деп жазган ал.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости