www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баланы сүйүп жарат. Сүйгөнүңө белек кылып, тукумун ула. Өзүңдүн боор этиңен чыгар. Баланы айбандай кумарыңды кандырып атканда кокусунан жаратпа.

Абортко жетишпей, чоңоюп кеткени үчүн төрөбө.

Эртеңки күнү дааратканага, акыр - чикир салчу челекке ыргытыш үчүн же эзели тааныбаган бирөөнүн улагасына ташташ үчүн, жетимкананын муздак дубалын кучактатыш үчүн алып келбе бул дүйнөгө!

Ичип аткан арагыңдын бөтөлкөсүн ташытыш үчүн, кылып аткан арамыңды көрсөтүш үчүн, жашооңдо мүдүрүлгөнүңдө себеп кылып, көгала койдой сабап, же жаман күнүңдү эске салганы үчүн өмүр бою жек көрүш, кордош үчүн тууба! Баланы сүйүп жарат!

Түйүлдүк кезинде кубан, кыймылдаганда жырга, төрөлөгөндө сүйүн, эмизгенде ырахат ал, чоңойгондо бактылуу бол! Балаң - бакыт болсун! Бактылуу кыл! Азабыңа салып, арманыңды угузуп, түйшүккө төрөбө! Түбөлүгүн түз кыл. Үнүн угуп, жытын искегенде ээри, элжире, эзил! Ызааңа эмес мээримиңе бөлө! Ыйыңа эмес сүйүүңө оро!

Жаратып, жарык дүйнөгө алып келгениң үчүн колко кылба! Мени жарат деп ал суранган эмес. Жарык кылып жашооңо келгени үчүн ырахмат айт! Ыраазы бол! Шүгүр кыл!

Баланын жытын искей албай, жараткандан сурап, жалдырап, быйтыган колун кармап, таттуу тилин угуш үчүн көзү катып, дүйнөнү бергиси келген канча аял бар? 

Баланын бир өмүрлүк тагдыры энесинен көз каранды!

Назира Айтбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости