www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Назира Мукамбетова: Менин жашоом көп аялга үлгү болду

Жумуш жоктур аял колу тийбеген,

Көтөрүмүң, чыдамың тең жер менен!

Кир жуучу автомат машинага ылайык суюк самын даярдаган Назира Мукамбетовада тыным жок. Таң атпай түн жарымына чейин самынды даярдап кайнатып, аны идиштерге куюп, кардардын ар биринин колуна тапшырып берет. Андан сырткары үч жаштагы кызын да жалгыз багат. Анын тагдыры көп айымдарга үлгү болуп, чыйралтчудай. Ачык-айрым, оюндагысын жашырбаган маектешим кылып жаткан иши тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди.

- Назира айым, суюк самын даярдоону кайдан үйрөнгөнсүз?

— 2011-жылы мигрант болуп Москвага барып бир бай үй-бүлөгө кызматчы болуп орноштум. Тазалыгым менен кожойкеге жагып калдым окшойт, мага аябай жакшы мамиле жасачу. Айлыгымдан сырткары да колума акча карматып “эс алып кел, бутуңа өтүк алып кий” деп турчу. Ошол үйдө дайыма ак самын турар эле. Өздөрү бай болсо, эмнеге заманбап химиялык каражаттарды колдонбойт деп таң калчумун. Көрсө, кожойкенин тукумунда онкологиялык оору бар экен. Апасы ошондон каза болуп, өзү да ооруптур. Анан ошол кездеги 6 жаштагы уулу аллергиядан жапа чегет экен. Ушундан улам дайыма ак самынды гана колдонорун билдим. Мага баарын айтып берип, акырында: “Кийин кереги тиет, үйрөнүп ал”,- деп самын жасаганды үйрөткөн. Ал үй-бүлө азыр Испанияда жашайт. Бишкекке келгенде дароо эле самын жасап баштадыңызбы анан? — Ооба, бир жылдан кийин эле кайра Бишкекке келдим да, самын жасап өзүм жашаган “Аламүдүн-1” кичирайонундагы “Чынар” базарына чыктым. Орус улутундагы кардарларым көп болчу. Алар химиялык каражаттардын көп ооруларды, анын ичинде онкологиялык ооруларды пайда кыларын ошондо эле билишчү экен. Биздикилер болсо “кир самын жыттанат экен” деп алышчу эмес.

- Кызыңыздын атасын да ошол базардан тапкан экенсиз?

— Жанымда колбаса саткан жигит турчу эле. Ал тийишип калчу. Жанымдагы эжелер “жакшы бала, бойдок, ушуга эле тийип ал, жашың өтүп баратат” дей беришти. Ошентип, бир үй-бүлө болдук. Апам бизге өзүнүн үйүн жашап тургула деп берген. Кызым төрөлүп үйдө отуруп калдым. Ошондо күйөөм анча-мынча кыйынчылыктарга чыдабай: “Менин моюнумда отурасың, иште”,- деп жей баштады. 2019-жылдын жай айында үйдөн чыгып кетти дагы, телефонун өчүрүп салды. Ага чейин “кызыбыз чоңойгуча чыдап турчу, мен жумушка чыккыча таштаба” деп сурангам. Ага да болгон жок. Жиним келип адвокат жалдап алимент өндүрөйүн десем, анын кызматы 15 миң сом экен. Колумда ал акча бар болчу, бирок аны менен соттошуп убакытты, нервди короткондон көрө ал акча менен ишкерлик кылайын деп ноябрь айынан баштап кайра самын кайнатып сата баштадым.

- Кийинки жолу кардарларды табуу кыйын болгон жокпу? Кенедей кызыңыз менен кантип иштедиңиз?

— Атайын жарнама жайгаштырган сайттарга кирип “мен ушундай экологиялык жактан таза продукция жасайм, каалоочулар болсо буйрутма бериңиздер, жеткирип берем” десем, көптөр “мага керек” деп жазышты. Бирок чын эле кызым менен иштөө кыйын болду. Курсагын тойгузуп, телевизор коюп берип эки саатка жалгыз калтырып кетип жаттым. Азыр кошунама таштап кетип жатам. Менин багыма кызым жоош. Буюрса, жазында бала бакчага киргизсем, бир жаңсыл болуп иштейт элем.

- Самынды үйүңүздөн эле жасайсызбы? Эмне кошоруңузду айтпайсыз да, ээ?

— Ооба, азырынча үйүмдүн эле бир бөлмөсүндө кайнатып жатам. Жалпысынан айтканда Орусиядан чыккан кир самынды майдалайм, ага кошчумду кошом жана бир нече убакыт кайнатам. (Күлүп) Мындан тагыраак кылып айтсам жеп аткан наныман кур калам. Көп киши “кантип жасайсың, эмне кошосуң кээ бир айна агартпаган кийимди агартып, таза жууйт экен” деп сурашат. Мен жылмайып тим болом.

- Бир күндө канча литр таратып жетишесиз?

— Рюкзакка салып жонума асып, калганын эки колума көтөрүп жалпы он литр алып чыгам. Буйрутма берген кардарлардын жашаган аймагына жараша маршрут түзүп алам да, ошого жараша тарата берем. Оор жүктөн жонум уюп, ийиним талып кетет. Бирок айла жок, оокат кылып кызымды чоңойтушум керек. Кудайга ошол жүктү да көтөргөнгө кол-бут бергенине шүгүр кылам.

- Товарды соода түйүндөрүнө коюп эле сатсаңыз болбойбу?

— Анын баары эле каражатка келип такалып жатат. Антейин десем патент алыш керек. Патент алайын деп барсам, көп акча керек экен. Андай акча азырынча менде жок. Өткөндө көтөрүнүп алып маршруткага түшсөм айдоочу: “Ай, жүдөбөй машина албайсыңбы”,- дейт. Өзүмдүн унаам болуп, товарларды ага салып ташысам дегенде, менин деле эки көзүм төрт. Тилекке каршы, андай мүмкүнчүлүк жок да. Кээде 40 литрди жүктөп алып такси менен тараткан учурум болот. Андайда тапкан акчам жолго эле кетип калат. Азыр биринчи максатым – унаа айдаганды үйрөнүп, машина сатып алуу болуп турат.

- Буйрутма берип алып кайра албай койгондор да болобу?

— Өткөндө бир жагымсыз окуя болду. Бир кыз шаардын ортосуна жеткирип бер деп буйрутма берди. Айткан жерине барып чалсам албайт. Бир саат бою чалып, күтүп турдум. Акырында ыйлагым келип социалдык тармакка “Мен кичинекей кызым менен эптеп жетишип иштеп жатам, убактымды, мээнетимди сыйласаңар болбойбу?” деп жазып, ошол эле жерден түз байланышка чыктым. Катталуучулардын баары ал кызды урушуп башташты эле, ал: “Кызыңды бетиңе жаап алып сүйлөбө, бул калп айтып жатат, ишенбегиле”,- деп чыкты. Аңгыча бир байке: “Көз жашыңды аарчы дагы, он бөтөлкөнү мага алып кел, айылга апама алып барам”,- деп калды. Аңгыча буйрутма берген экинчи кардарым келди, ал өзүнүкүн сатып алып, мени тиги байкеге жеткирип, аягында такси менен үйгө салып жиберди. Ушундай кичинекей жагымсыз нерсенин артынан жакшылык келип кубанып калдым. Үйгө келип отурсам баягы кыз кайра чалат, “Чынар” базарына келдим” деп. Чыксам ыйлап кайра-кайра кечирим сурады. Бирок эмне себептен андай кылганын толук түшүндүрө алган жок. “Апам рак болуп ооруйт, сизден кечирим алмайын үйгө келбе деди”,- дейт. Кайра ага боорум ооруп, төрт бөтөлкө самынды апасына белек кылып жөнөттүм.

- Ак көңүл экенсиз. Мындай сапатыңыз ишиңиздин алга жылышына таасирин тийгизбейби?

— Тийгизгени ушул да, киреше түшпөй, кылган ишим өзүн араң жаап жатат. Бирок мага адамдын көңүлү биринчи орунда турат. Өткөндө бир кардар Караколго эки бөтөлкө сал деп телефонума 160 сом которду. Автобекетке барып салайын десем ал жердегилер бөтөлкөдөн шектенип мени бир топ убара кылышты. Акырында жыттатып араң ишендирдим. Эми менин убактым, нервим, жол кирем, Караколго жеткирген унаанын акысы 160 сомдон ашып кетти. Апам оор көтөрүп жатканыма зээни кейийт. “Сенин ордуңда болсом 80 эмес, 150 сомдон сатмакмын” деп көп айтат. Кыйналып жасаганымды көрүп жатат да. Өзү жөн эле алыңыз десем болбой бир бөтөлкөнү 100 сомго сатып алат. Мен бул ишимдин келечегине ишенем.. Буюрса, келечекте ушул тармакта чакан ишкана ачып, жалгыз бой энелерге жардам бергим келет. Баланы жалгыз чоңойтуу кандай оор экенин билип калдым.

- Кызыңыздын атасы азыр кайда, силерге жардам береби?

— Атасы жардам бербейт, каралашпайт. Азыр кайда экенин билбейм, кызыккан да жокмун. Мени Кудай убагында ал адамдан куткарыптыр.

- Кызыңыз менен эс алууга убакыт табасызбы?

— Бир жакка алып барып ойнотуп келем деп жакшы эле пландайм. Эс алуу күнү кардар чыгып калат. Аларга жеткирип берип келгиче түш оойт. Бөтөлкөгө буйрутма бересиң, аны алып келиш керек болот. Айтор, колум көп учурда бошобой калат. Менин жашоом көп аялга үлгү болду. Оор көтөрүп кыдырып жүргөнүмдү көргөн жаш келиндер: “Жашообузду баалап, күйөөбүздүн баркын билип калдык”,- дешет. Жылуу үйдө, даяр оокатта отуруп наалып жаткандарына уялып кетишет экен. Анара Дүйшөналиева

Булак: Lady.kg

Последние новости