www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя батыш саясатчыларынын Коопсуздук кеңешинин Ирандын Израилге жасаган чабуулуна байланыштуу өткөн жыйынындагы сөзүн "эки жүздүүлүк, кош стандартуулуктун парады" деп атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

"2-апрелде Израилдин Ирандын Дамаскидеги консулдук объектилерине жасаган чабуулун талкуулоо үчүн чогулганыбызда мындай аракеттерге жол берилбешин шарттаган бирдиктүү бир көз караш, чечим болушу керектигин эскерттик эле. Иран же Сирия, болбосо Жакынкы Чыгыш эле эмес, бардык жерде мындай чабуул болбошу керек болчу", — деди Небензя.

 

Дипломат буга чейин Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүн апаат кайталанбашы үчүн соккуларды кескин сынга алууга чакырганын, болбосо кырдаал жалпы региондо бир топ курчуп кетери эскертилгенин белгиледи. Небензянын айтымында, Иран Израилге жөн жерден сокку урган жок.

"Ирандын бул кадамы БУУнун Коопсуздук кеңешинин чара көрбөгөнүнө, Израилдин буга чейинки Дамаскидеги консулдугуна жасаган соккусуна жооп болду. Сирия Израилдин тынымсыз соккусуна дуушар болууда. Израилдин Ирандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө кол салуусу эл аралык укук боюнча casus belli (согуш ачууга шылтоо) болуп саналарын жакшы билесиңер. Батыш өкүлчүлүктөрү, Батыштын жарандарына келгенде эле баары ыйык, баары корголуш керек болуп калат. Башка мамлекет, алардын жарандарынын укуктары, анын ичинде коргонуу тууралуу сөз болгондо "бул башка" деп каласыңар", — деген Небензя.

Эскерте кетсек, 3-апрель күнү АКШ менен Улуу Британия Россия сунуштаган Израилдин Ирандын Дамаскидеги консулдугуна урган соккусу боюнча БУУ Коопсуздук кеңешинин билдирүүсүнүн долбоорун талкуулоодон баш тарткан. Лондон менен Вашингтон жыйндын жүрүшүндө болуп өткөн окуяга баа берүүдө биримдик жок болгонун шылтоо кылган эле. Жекшемби күнү Ирандын Израилге жасаган чабуулунан улам БУУнун Коопсуздук кеңеши чукул жыйынга чогулган. Ага чейин Ирандын БУУдагы өкүлчүлүгү эгер Коопсуздук кеңеши Израилдин соккусун сындап, күнөөлүүлөрдү жоопко тартса Тегеран мындай кескин кадамга бармак эместигин белгилеген.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости