www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияны экономикалык, каржылык жана логистикалык жактан изоляциялоо аракеттери тарыхый масштабдагы экономикалык кризиске айланып бара жатат. Бул тууралуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында Орусиянын уюмдагы өкүлү Василий Небензянын айткандарына таянып РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, дүйнөлүк азык-түлүк рыногунун туруктуулугуна Орусиянын аракеттери эмес, Батыштын Москвага каршы киргизип жаткан ыксыз санкциялары коркунуч туудурууда.

"Орусияны экономикалык, каржылык жана логистикалык жактан калыптанган, узак мөөнөттүү кызматташуу каналдарынан ажыратуу аракети тарыхый масштабдагы экономикалык кризиске айланып бара жатат. Учурда мыйзамсыз, бир тараптуу чектөөлөрдү четке кагуу менен гана эл аралык азык-түлүк жана айыл чарба рынокторун турукташтыра алабыз", — деди Небензя.

Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция башталгандан кийин Батыш Орусияга каршы санкциялык кысымын күчөттү. Чектөө чаралары биринчи кезекте банк секторуна жана жогорку технологиялык продукцияларды жеткирүүгө каршы багытталган. Көптөгөн өлкөлөр Орусиянын активдери тоңдурулганын жарыялашты.

Өлкөнүн каржы министри Антон Силуанов буга чейин билдиргендей, болжол менен 300 миллиард доллар тоңдурулду. Бул Россиянын алтын-валюта резервинин жарымына жакын сумма.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости