www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия космос мейкиндигинде курал жайгаштырууга тыюу салган келишимдеги милдеттенмелерин толук аткарат. Бул туурасында Россиянын БУУдагы өкүлү Василий Небензя АКШ, Япониянын өзөктүк куралды космоско алып чыгууга тыюу салган резолюция долбооруна комментарий берип жатып айтканын РИА Новости жазды.

"Эл аралык коомчулук бул маселе менен алектенбейт деп айтуу, кыязы, туура эмес болуп калат. 1967-жылы Космос мейкиндиги боюнча келишим кабыл алынгандан бери ага катышкан мамлекеттер үчүн ЖККны (жапырт кыргын салуучу куралдар – ред.) космоско жайгаштырууга ачык тыюу салынган. Россия бул документтеги милдеттенмелерин толук аткарат", — деген Небензя.

Ал АКШ, Япониянын резолюция долбоору аталган маселени саясатташтырууга багытталган деген пикирин кошумчалады.

Небензя, мындан тышкары, БУУнун Коопсуздук кеңеши космостогу куралды талкуулоо үчүн ылайыксыз аянтча экенин, себеби ага мамлекеттердин көбү катышуусу зарылдыгын айткан. 

"Өзөктүк курал маселеси биз катышкан тиешелүү эл аралык платформаларда болчу талкуулардын предмети деп эсептелет. Америка-япон долбоорунун көйгөйлөрүнүн бири — дискуссиянын алдына чыгып кетип, Космос мейкиндиги боюнча келишимдин мүчөлөрү куралсыздануу боюнча тиешелүү форумдарда эч качан изилдеп, карабаган милдеттенмелерди камтып алат", — деген Небензя.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости