www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина менен Польша чек арага түшкөн ракетаны шылтоолоп Россия менен НАТОну түздөн-түз кагылыштырууга аракет кылышкан. Бул тууралуу Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензянын айтымына таянып РИА Новости жазды.

Өкүл бул маселени БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында көтөргөн.

"Эгер жыйын белгиленбесе, анда аны Украина жана Польшанын Россия менен НАТОнун ортосунда тирешти тутандыруу аракетин талкуулоо үчүн чакырууга туура келмек. Бул эки мамлекеттин жетекчилери таптакыр жоопкерчиликсиз билдирүүлөрдү жасашты, аны башкача кабыл алууга мүмкүн эмес", — деген Небензя.

Ал Владимир Зеленский Россияны айыптоо менен Польшанын аймагына Украинанын ракеталары түшкөнүн билбей калышы мүмкүн эмес экендигин белгилеген.

"Демек, бул жөн эле жалган маалымат берүү эмес, бул НАТОну Россия менен тирешүүгө тартууга болгон аракет", — деген Россиянын БУУдагы өкүлү.

Эске салсак, 15-ноябрь күнү кечинде Польша ЖМКлары Украина менен чектешкен аймагына, тагыраагы, Пшеводув районуна эки ракета кулаганын билдирип, эки адам каза болгонун маалымдаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости