www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нефтетрейдерлер күйүүчү май боюнча пикирлерин айтышты

Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы Экономика министрлигинин күйүүчү майдын баасынын кымбаттоосу боюнча прогнозуна каршы пикир айтты.

Буга чейин жергиликтүү ЖМКларда экономика министрлигинин күйүүчү майдын баасы 7-15 сомго чейин көтөрүлөт деген божомолу чыккан. Ассоциация мындай билдирүүнү негизсиз деп баалашты.

--"Кыргызстанда беш жылдан бери, тагыраагы, ЕАЭБдин техникалык регламенти иштеп баштаганга чейин эле К4 жана К5 классындагы нефть азыктары сатылып келет. Ошол эле учурда К5 классындагы күйүүчү май менен эч бир класска кирбеген майдын ортосундагы айырма литрине бир сомдон төмөн. Мындан улам министрликтин техникалык регламентинин кириши менен күйүүчү майдын баасы кымбатташы мүмкүн деген билдирүүсүн негизсиз деп эсептейбиз", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, жаңыланган регламентте баанын кымбатташы боюнча так айтылып, эсептөө жолу дагы көрсөтүлгөн эмес. Мындан улам нефтетрейдерлер министрлик эмненин негизинде мындай прогноз жасаганын түшүндүрүп берүүсүн талап кылууда.

--"Экономика министрлиги коомчулукту адаштырып, башка товарлардын кымбаттап кетишине негиз болчу билдирүүлөрдү таратпоого чакырабыз. Мындан тышкары, ведомство күйүүчү майды импорттоо боюнча техникалык регламент 2019-жылдын 12-августунда күчүнө кирген деген маалыматы менен өз сөзүнө өзү каршы чыгып жатат. Анда эмне себептен күйүүчү май ошол учурда кымбаттаган жок эле", — деди нефтетрейдерлер.

Ошондой эле ассоциация К2 жана К3 үлгүсүндөгү күйүүчү майларды импорттоого тыюу салууну талап кылып жатканын айтып, бирок Экономика министрлиги бул жаат боюнча кайсы ишканаларга жеңилдик бере турганын так айтышын талап кылды. Маалыматка караганда, бул жергиликтүү нефть иштетүүчү заводдор, аларга модернизация үчүн убакыт талап кылынат.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев буга чейин Кыргызстандагы нефть иштетүүчү заводдор экологиялык жактан жогорку деңгээлдеги күйүүчү майларды чыгаруу үчүн модернизациядан 2023-жылга чейин өтүп бүтүшү керектигин айткан.

Башында күйүүчү май боюнча техникалык регламентке өтүү мөөнөтү 2021-жылдын 21-августуна чейин деп белгиленген. Бирок Экономика министрлиги жергиликтүү заводдор К4 жана К5 классындагы майды өндүрүүгө даяр эмес болгондуктан, иш токтоп калбаш үчүн мөөнөттү дагы эки жылга жылдырган.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg



 


 

Последние новости