www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Трамп Кытайдын сегиз тиркемесинин ээлери менен болгон бүтүмдөрдү, анын ичинде Alipay жана WeChat Pay төлөм системаларын чектөөнү чечти.

Анын айтымында, бул кызматтар колдонуучулардын жеке маалыматтарына кире алат жана Кытай өкмөтү АКШ жарандарын тыңчылык кылуу үчүн колдоно алат.

Чектөөлөрдү киргизүү боюнча Трамптын жарлыгы АКШнын шайланган президенти Джо Байден бийликке келген 45 күндөн кийин гана күчүнө кирери белгиленди.

Ал эми Трамптын мураскери бул чаралардан баш тартышы мүмкүн.

Эске салсак, буга чейин АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы бир добуштан Кытай компанияларын америкалык биржаларда өз акцияларын сатуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырата турган мыйзам долбоорун кабыл алган. Документте долбоор АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода талаш-тартыштарынан улам курчуп кеткен, көптөн бери чечилбей келе жаткан көйгөйдү чечиши керектиги белгиленген.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости