www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз эли оор жоготууга учурады. Мамлекеттик ишмер, «Эмгек ветераны» медалдарынын ээси Калкан Самыкбаев 95 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Самыкбаев Калкан 1930-жылдын 24-декабрында Ысык-Көл районунун Орто-Өрүктү айылында туулган. Өмүр жолун мугалимдик кесиптен баштап, билим берүү жана мамлекеттик кызмат тармагында узак жылдар бою эмгектенген.

Ал ар кайсы жылдары мектеп директору болуп иштеп, партиялык жана мамлекеттик органдарда жооптуу кызматтарды аркалаган. Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда, ошондой эле Ысык-Көл облусунда жетекчилик кызматтарды ийгиликтүү аткарган.

1965–1970-жылдары Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун Элдик контролдоо комитеттеринин төрагасы, 1970–1975-жылдары Ысык-Көл облусунун Элдик контролдоо комитетинин төрагасы болуп иштеп, ошол эле учурда Ысык-Көл облустук партия комитетинин бюро мүчөсү катары да эмгектенген.

1975–1980-жылдары Жети-Өгүз райондук аткаруу комитетинин төрагасы, 1980–1986-жылдары райондук партия комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген. Ошол эле жылдары Кыргызстандын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин мүчөсү болуп шайланган.

Кийинчерээк кинофикация башкармалыгын жетектеп, 2005-жылга чейин эмгек жолун уланткан. Ардактуу эс алууга чыккандан кийин персоналдык пенсионер болгон.

Анын эмгеги жогору бааланып, «Кызыл Туу», «Ардак Белгиси» ордендери жана «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн», «Эмгектеги эрдиги үчүн», «В. И. Лениндин 100 жылдык юбилейине карата», «Эмгек ветераны» медалдары менен сыйланган.

Самыкбаев Калкан — өз ишине берилген, жоопкерчиликтүү жетекчи жана эл үчүн кызмат кылган инсан катары эсте калат.
Жаркын элеси жакындарынын жана аны тааныгандардын жүрөгүндө түбөлүк сакталат.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги министрдин орун басары Самыкбаева Лира Аманбаевнага чоң атасынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Последние новости