www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Жо Байден кечээ, 18-мартта Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен сүйлөшүп, Рафахтагы кырдаалды жана Газага жардамды көбөйтүү аракеттерин талкуулады. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз кызматы билдирди.

"Президент Байден Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен Израил менен Газадагы акыркы окуяларды, анын ичинде Рафахтагы кырдаалды жана Газага гуманитардык жардамды көбөйтүү аракеттерин талкуулоо үчүн сүйлөштү", — деп айтылат Ак үйдүн билдирүүсүндө.

Израил өкмөтүнүн басма сөз кызматы Байден менен Нетаньяхунун ортосунда 45 мүнөттүк телефон сүйлөшүүсү болгонун билдирди.

Нетаньяху Байден менен Газадагы акыркы абалдарды жана Израилдин бардык максаттарына жетүү чечкиндүүлүгүн талкуулаганын белгиледи.

Кабарда премьер-министрдин бул максаттарды «Хамасты жок кылуу, бардык туткундарды бошотуу жана Газанын мындан ары Израилге коркунуч туудурбасын камсыз кылуу» деп санаганы белгиленген. Ал ошондой эле Израил Газага «бул максаттарга жетүү үчүн керектүү гуманитардык жардамды» берерин айтты.

Белгилей кетсек, 14-мартта АКШ Сенатындагы Демократиялык партиянын лидери Чак Шумер Израилде жаңы шайлоо өткөрүүгө чакырып, Нетаньяху тынчтыкка кедергисин тийгизип жатканын айткан. Эртеси Байден сенатордун сөзүн мактап, Шумер көптөгөн америкалыктардын тынчсыздануусун билдирди.

Нетаньяху CNN телеканалына берген интервьюсунда Шумердин сөзүн "такыр орунсуз" деп билдирди.

Эске сала кетсек, АКШнын президенти менен Израилдин премьер-министри акыркы жолу 15-февралда телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости