www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху өлкөсүнүн кол салууларынан качкан 1,5 миллионго жакын киши баш калкалаган Рефах шаарына кургактыктан кол салышарын ишарат кылды.

Израилдин премьер-министрлик кеңсеси Нетаньяхунун Газадагы кол салууларга байланыштуу өкмөт жыйынындагы билдирүүлөрүн жарыялады.

Буга ылайык, Нетаньяху АКШ баш болгон эл аралык коомчулук менен карым-катнаштарда эч кандай колдоого муктаж эмес экенин баса белгилеп, «Хамасты жок кылуу» алардын негизги максаты экенин белгиледи.

«Ушуга чейин Хамастын 24 батальонунун 17син жок кылышканын» айтып чыккан Нетаньяху: «Калган батальондордун көбү (Газанын) түштүк тилкесинде жана Рефахта, биз алар менен күрөшөбүз»,-деп айтты.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге карата «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган.

Буга жооп иретинде Израиль армиясы Газа тилкесине каршы «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялаган.

Күчөгөн кагылышууларда көбү балдар болгон 27 миңден ашуун палестиналык каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости