www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШ менен Израилдин ортосундагы байланыш өтө тыгыз экенин айтып, Трамтын администрациясы күн сайын ага түздөн-түз маалымат берип турарын билдирди.
Ал өз сөзүндө Америка тарап стратегиялык сүйлөшүүлөрдү алдын ала макулдашып иш алып бара турганын белгилеген.
Өзгөчө АКШнын вице-президенти Джей Ди Вэнс Иран менен жүрүп жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрү тууралуу ага кеңири маалымат бергенин мисал кылып, Нетаньяху бул процессти мындай деп мүнөздөгөн:
- Ал мага администрациянын мүчөлөрүнүн күн сайын жасаган иштерин толук жана майда-чүйдөсүнө чейин айтып берди, - деп айткан.
Бул билдирүү эл аралык саясатта талкуу жаратты.