www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

New York Times гезитинин журналисттери иш таштады

Дүйнөгө белгилүү АКШдагы New York Times гезитинин кызматкерлери 40 жылдан бери биринчи жолу 24 сааттык иш таштоого чыгышты. Профсоюз жана менчик ээлери 2021-жылдын мартында аяктаган келишимдин ордуна жаңы эмгек келишимин түзө албай жатышат.

Иш таштоого басылманын 1,1 миңден ашуун кызматкери катышууда.

Журналисттер жетекчиликти сүйлөшүүлөрдү атайылап создуктурду деп айыпташты. Негизги талап – инфляцияга жараша айлык акыны көтөрүү. Мындан тышкары, кызматкерлерди медициналык камсыздандыруу жана пенсия, ошондой эле аралыктан иштөө мүмкүнчүлүгү тынчсыздандырууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости