www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нигерде төңкөрүштү жасаган аскерлер бийликтен четтетилген өлкөнүн президенти Мохамед Базумду чыккынчылык үчүн соттоону пландап жатышканын билдиришти.

Полковник Амаду Абдрамандын айтымында, африкалык өлкөнүн өкмөтү мурдагы мамлекет башчысын жана анын шериктерин мамлекетке чыккынчылык кылган жана Нигердин ички жана тышкы коопсуздугуна шек келтиргендиги үчүн компетенттүү органдардын алдында жоопко тартуу үчүн далилдерди чогулткан.

Полковник Абдраман Батыш Африканын экономикалык коомчулугунун (ЭКОВАС) Нигерге каршы санкцияларын айыптады. Анын айтымында, өлкө эли ЭКОВАСтын мыйзамсыз жана адамгерчиликсиз санкцияларынан катуу жабыркады. Ал карапайым эл тамак-аш, дары-дармек жана электр жарыгынан куру калганын тактады.

Июлдун аягында Нигердин президенттик гвардиясынын мүчөлөрүнүн бир бөлүгү мамлекет башчысына каршы чыгышкан. Базум көп өтпөй бийликтен четтетилген. Нигердин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы козголоңчуларга колдоо көрсөткөн. ЭКОВАС, Франция, АКШ, Евробиримдик Базумду бошотууну талап кылып, аскердик төңкөрүштү айыпташкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости