www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Африканын батышындагы Нигер мамлекетинин президенти Мохамед Базум өлкөнүн борбору Ниамейдеги сарайда аскер кызматкерлери тарабынан кармалып турат. Президенттик гвардиянын командири, генерал Омар Цяниди кызматтан алуу чечимине каршы аскердик козголоң президенттик гвардия тарабынан көтөрүлгөн. Бул тууралуу Франс Пресс агентствосу билдирди.

Маалым болгондой, президенттик сарайдын имаратын 26-июль, шаршемби күнү таң эртеден бери унаалар тосуп турат. Шаардын өзүндө абал тынч, аскердик техника байкалган жок жана атышуулар болгон эмес.

Аскердик күчтөр сарайдын жана ага жакын жайгашкан министрликтердин кире бериштерин унаалар менен тосуп алышкан жана улуттук телеканалга барчу бардык жолдорду көзөмөлгө алышты.

Нигер президентинин адмнистрациясы өлкөнүн куралдуу күчтөрү сарайды тоскон президенттик гвардиянын жоокерлерине колдоо көрсөтпөгөнүн билдирди. Бийлик козголоңчулардын аракеттерин "мамлекетке каршы" деп атап, мамлекет башчысы жана анын үй-бүлөсү жабыркаган эмес деп да белгилешти. 

Мохамед Базум 2021-жылы бийликке келген Нигердин жетинчи президенти. Ал ант берүүдөн бир нече күн мурун, 2021-жылдын март айында Нигерде төңкөрүш жасоо аракети токтотулган.

1960-жылы Франциядан эгемендүүлүк алгандан бери Нигерде төрт жолу аскердик төңкөрүш болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости