www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
4-февралда Нигериянын түндүк-борбордук бөлүгүндөгү Квара штатында белгисиз куралдуу адамдардын чабуулунан ондогон тынч тургундар каза тапты. Бул тууралуу эл аралык маалымат каражаттары кабарлады.
Маалыматка ылайык, кол салуу Нигер штаты менен чектешкен алыскы айылдардын биринде болгон. Куралчан адамдар турак үйлөрдү жана соода жайларын өрттөп, жергиликтүү калкка кол салган. Бул жыл башынан бери аймакта катталган эң оор окуялардын бири катары бааланууда.
Айрым маалымат каражаттары каза болгондордун саны 160тан ашканын жазышса, расмий булактар курмандыктар кеминде 170 адамга жеткенин билдиришкен. Акыркы мезгилде бул аймакта куралдуу топтор тарабынан адам өлтүрүү, уурдоо жана мал-мүлктү талап-тоноо фактылары көбөйгөнү айтылууда.
Буга чейин да Нигериянын түндүк-чыгышындагы Майдугури шаарындагы мечитте болгон жарылуудан бир нече адам каза болгону кабарланган.
Жамшидбек Амиров, Ташкен