www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин жүргүзүп жаткан реформасынын алкагында “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы Талас электр тармактар ишканасы тарабынан 2026-жылга карата электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдык көрүү максатында 32 даана трансформатордун кубаттуулугу жогорулатылып, 10 даана кошумча трансформатор орнотулат.
Орнотула турган трансформаторлор Талас облусунун район жана шаарына бөлгөндө: • Талас районуна — 1 даана кошумча трансформатор;
•Бакай-Ата районуна — 2 даана;
• Манас районуна — 5 даана;
• Айтматов районуна — 2 даана. Ал эми 2025-жылы аткарылган иштердин алкагында облус аймагында кошумча 9 даана трансформатор орнотулган.
Трансформаторлордун кубаттуулугун жогорулатууда электр энергиясына болгон суроо-талаптын өсүшүн эске алуу менен 2026-жылы 32 даана трансформатордун кубаттуулугун жогорулатуу пландалган.
Алар: Бакай-Ата районуна — 9 даана трансформатор;
• Манас районуна — 4 даана;
• Талас шаарына — 7 даана;
• Талас районуна — 5 даана;
• Айтматов районуна — 7 даана. Ал эми 2025-жылы жалпы 13 даана трансформатордун кубаттуулугу жогорулатылган.
Мындан тышкары, жыл сайын облус аймагында жайгашкан трансформаторлорду капиталдык ремонттон өткөрүү жана техникалык тейлөө иштеринин алкагында 2026-жылы 197 даана трансформатор капиталдык ремонттон өткөрүү жана 1266 даана трансформаторду техникалык тейлөө иштери каралган. Бул иш-чаралардын жыйынтыгында электр тармактарынын ишенимдүүлүгү жогорулап, авариялык өчүүлөр кыскарып, калкты туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылууга шарт түзүлөт.
Электр энергиясы боюнча кошумча маалымат алуу үчүн: 105 (акысыз)
+996 772 001 209
+996 556 001 209
WhatsApp: +996 702 001 209