www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 3-февралында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу Эл аралык миграция уюмунун (ММО) Кыргызстандагы координациялык функциялары менен өлкө офисинин миссиясынын башчысы Серхан Актопрак менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар миграция жаатындагы актуалдуу маселелерди, анын ичинде мигранттардын укуктарын жана коргоосун камсыз кылуу боюнча чараларды, ошондой эле миграция тармагындагы эл аралык кызматташтыкты чыңдоону талкуулашты.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын делегациясынын БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын төрайымы Анналена Бербоктун төрагалыгы алдында өтүүчү Миграция боюнча эл аралык форумуна катышуусу талкууланды, анда коопсуз, иреттүү жана мыйзамдуу миграция боюнча глобалдык келишимди ишке ашыруу боюнча улуттук докладды сунуштоо пландаштырылган.
Бул жолугушуунун алкагында КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Миграция боюнча эл аралык уюмдун Кыргыз Республикасындагы Миссиясынын ортосунда өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Меморандумга ылайык, Ош шаарында мигранттар үчүн жаңы чыгып кетээр алдында багыттоо жана реинтеграция борбору ачылат. Бул борбор жарандардын мыйзамдуу жана коопсуз жумушка орношуу каналдары жөнүндө маалымдуулугун жогорулатууга, чыгып кетээр алдындагы окутуу программаларын жана маалыматтык сессияларды уюштурууга, ошондой эле кайтып келген мигранттарды реинтеграциялоо боюнча иштерди жүргүзүүгө көмөктөшөт.
Жолугушуунун жыйынтыгында Эл аралык миграция уюмунун Кыргыз Республикасындагы миссиясынын жетекчиси Молдобаева Бермет Байышевна министрликтин “Кызматташтык үчүн медалы” менен сыйланды.
Тараптар министрлик менен ЭКУнун ортосундагы мигранттардын эмгек шарттарын жакшыртууга жана укуктарын коргоого багытталган долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашырууда, ошондой эле миграция чөйрөсүндөгү эл аралык диалогдун механизмдерин бекемдөөдө мындан аркы кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.