www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда никени каттоого арызды эми «Түндүк» уюлдук тиркемеси аркылуу онлайн берүү мүмкүнчүлүгү ишке кирди.

Бул тууралуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эми жарандар Жарандык абалдын актыларын каттоо (ЖААК) органдарына барбастан эле, никени каттоого арызды толугу менен мобилдик тиркеме аркылуу тариздей алышат.

Кызматты колдонуу үчүн арызды демилгелеген тарап «Никени каттоо» кызматын тандап, болочок жубайынын жеке идентификациялык номерин (ЖИН) киргизип, Face ID аркылуу идентификациядан өтөт. Андан соң экинчи тарапка билдирүү жөнөтүлүп, ал маалыматтарды текшерип, макулдугун ырастап, ошондой эле Face ID аркылуу өздүгүн тастыктайт.

Андан кийин эки тарап тең арызга электрондук кол коюп, документ автоматтык түрдө ЖААК органдарынын маалыматтык системасына кароого жөнөтүлөт.

Арыз каралып бүткөндөн кийин жарандар анын жыйынтыгы тууралуу билдирүү алышат.

«Кызмат» мамлекеттик мекемеси белгилегендей, жаңы кызмат мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү жана жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү багытындагы маанилүү кадам болуп саналат.

Последние новости