www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Кыргызстанга келген Кореянын Улуттук Ассамблеясынын делегациясынын башында турган мамлекеттик башкаруу жана коопсуздук комитетинин төрагасы Ким Киенг менен расмий жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууга делегациянын курамында Кореянын Улуттук Ассамблеясынын депутаттары Канг Бьюнгвон, Ким Йонгпан, Мун Жинг Сенг, Ким Вунг, административдик бөлүмдүн жетекчиси Хван Жун Ен, Кореянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Ли Вондже, Кореянын Кыргыз Республикасындагы элчисинин орун басары Тэ Кен Гон жана вице-консул Бан Ки Донг катышты.

 

Анда тараптар эки тараптуу кызматташтыктын абалы жана алдыда жасала турган иштер тууралуу пикир алмашып, коомдук тартипти, эки өлкөнүн жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө Кыргызстан менен Корея Республикасынын укук коргоо органдарынын ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүнү жана өнөктөштүктү мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешкени айтылат.

 

"Улан Ниязбеков Кыргыз Республикасынын ИИМ менен Корея улуттук полиция агенттигинин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү акыркы жылдары жаңы практикалык деңгээлге чыгып жатканын белгиледи.

Өз кезегинде Ким Киенг эки тараптуу мамилелердин динамикалуу өнүгүү тенденциясына оң баа берип, жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары тыгыз жана жемиштүү кызматташууга үмүт артарын маалымдады",- деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми жолугушууну жыйынтыктап жатып, ИИМдин жетекчиси белгилегендей, министрлик Корея тарап менен кызматташууга чоң маани берет жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүүгө даяр.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости