www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов кыргызстандыктарды жашаган жерине каттоого турууга чакырды. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде №2 формага байланышкан суроолорго жооп берип жатып билдирди.
«Эми мыйзам боюнча кыргызстандыктар өлкөнүн ичинде №2 форманы колдоно албайт. Кыргызстандыктардын жашаган жерине каттоого турууга 2 ай убактысы бар. Бул шайлоо үчүн гана эмес. Ошондой эле ички миграция жөнүндө мыйзамыбыз да бар. Ал мыйзам боюнча жаран жашаган жерин 45 күндөн ашык окуу, иштөө же башка себептер менен алмаштырса, сөзсүз түрдө жашаган жерине каттоого турушу керек», – деди ал.
Бекматов президентти эл шайлай турганын эске салды.
«65 талапкер президенттик шайлоого катышуу үчүн документтерин тапшырышты. Мурдагыдай протоколду жасалмалоо деген болбойт. Азыркы технология мунун баарын жокко чыгарат. Тандоону эл өзү жасайт, аларга да чоң жоопкерчилик жүктөлөт», – деп кошумчалады ал.
Булак: NazarNews.kg